Кыргызстандык кикбоксчулар Түркияда өткөн Turkish Open Kickboxing European Cup мелдешинде үч алтын жана бир коло медаль алышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Турнир 8-11-апрель күндөрү Анталья шаарында өттү.
Мелдеште алтын медалга Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана Марат Мусаев (51 кг) ээ болушту.
Ал эми Ахрор Розбаев (57 кг) коло медаль менен сыйланды.
Турнирге 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышканы белгиленди.