Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы жер титирөөдөн урандыга айланган 12 кабаттуу үйдүн алдынан дагы бир жаранды тирүү куркарып чыгышты. Бул маалыматты Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 13-февралда билдирди.
6-февралда Кыргызстандан Түркияга сапар алган куткаруучулар (63) катуу жабыркаган Кахраманмараш шаарынын 2 районунда издөө-куткаруу иштерин улантып жатышат. Буга чейин кыргызстандык жигиттер 3 адамды урандынын алдынан тирүү алып чыгышкан. Жалпы 99 адамдын сөөгүн чыгарышты.