"Эркин-Тоо"

Кыргызстандык мугалим Астанада өтүп жаткан эл аралык фестивалда 1-орунду алды

Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы Астана шаарында өтүп жаткан II эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги тарабынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, Салтанат Кеңешчоро кызы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын экинчи этабына ушул жылдын март айынан июнь айына чейин өткөн сырттан окуу этабында жолдомо алган.

Аталган фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан жалпы 51 өкүл катышты.

Белгилей кетсек, учурда Астана шаарында “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жаңы реалдуулукта билим берүүсү жана постпандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы” темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин VII съезди өтүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!