Кыргызстандык мушкер Калыбек Арзыкул уулу Токиодо өткөн турнирде япониялык Исао Кобаяшини биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңди. Бул беттеш эң таасирдүү кармаш катары бааланып, “Кеченин Нокауту” деп табылды.
Мушкердин менеджери Мирлан Шамкановдун айтымында, беттештен кийин көптөгөн күйөрмандар спортчу менен сүрөткө түшүп, ыраазычылыгын билдиришти. Турнирдин уюштуруучулары да кызыктуу беттеш тартуулаганы үчүн мушкерге ыраазычылык билдиришти.

