Россия Илимдер академиясынын Жалпы жыйынында кыргыз окумуштуусу Омор Касымов чет өлкөлүк мүчө катары Медициналык илимдер бөлүмүнө шайланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз окумуштуусун Россия илимдер академиясынын (РИА) чет өлкөлүк мүчөлүгүнө шайлоо анын дүйнөлүк жана ата-мекендик илимди өнүктүрүүдөгү илимий-тажрыйбалык жетишкендиктерин таануу болуп саналат», – деп билдирди министрлик.
Белигилей кетсек, Омор Касымов – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын Илимге эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору.