Кыргызстандык спортчу Асылбек Рустамбек OPEN FC ММА мелдешинин эң жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн таймашат.
Кыргызстандык мушкер чемпиондук наам үчүн кармашта россиялык Алексей Шапошников менен беттешери белгилүү болду. Мелдеш 2022-жылдын 29-январында Россиянын Тольятти шаарында өтөт.
Эске салсак, Асылбек Рустамбек буга чейин лиганын эң жеңил салмактагы Гран-при мелдешинин жарым финалында россиялык спортчу Гусейн Халиковду жеңген. Ал ММА спортунда жалпысынан төрт беттешке чыгып, бардыгында жеңишке ээ болгон.