Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн эл аралык марафондо 42 км 195 метр аралыкка чуркаган кыргызстандык спортчу Мария Коробицкая 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Коробицкая маарага 2 саат 32 мүнөттө жеткен. Мырзалар арасында 42 км 195 метр аралыкка чуркоодо кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин 2-орунду алып, күмүш медаль жана 14 млн сум менен сыйланды.
Мария Коробицкая былтыр дагы ушул эле марафондо 1-орунду ээлеген. Анда жеңил атлетчи финишке 2 саат 26 мүнөт убакытта чуркап жеткен.