Кыргызстандын каратэ-до боюнча курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн «UZBEKISTAN OPEN» эл аралык мелдешинде 72 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Кыргызстандык спортчулар аталган мелдеште 15 алтын, 20 күмүш, 37 коло медалга ээ болушту. Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 400дөн ашык спортчу катышты.