"Эркин-Тоо"

Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын самбо боюнча курама командасынын мүчөлөрү 23-26-март күндөрү Москва шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

Курама топту башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жетектеп барат.

Маалымат үчүн: Самбо – орустардын (советтер союзунун) спорттук мелдеши. Ал орус тилинин «самооборона без оружия» сөзүнөн алынып, кыргызчага «куралсыз коргонуу» деп которулат.