Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу UWW социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалды.
Талапкерлердин тизмесинде өз салмак категориялары боюнча 2023-жылдын чемпиондору көрсөтүлгөн.
Кыргызстандык спортчулар үчүн UWW уюмунун социалдык тармактарында комментарий аркылуу добуш берүүгө болот.