"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Кыргызстандык студенттер Росатомго таянган Россиянын ЖОЖдорунда акысыз окуй алышат

Кыргызстандык абитуриенттерге Росатомго караштуу жогорку окуу жайлардын магистратурасында акысыз окуу мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Бул квоталар Россия өкмөтүнүн 2026/27-окуу жылына карата бөлгөн 700 бюджеттик ордунун бир бөлүгү болуп, анын 18и энергетика багыты боюнча билим берген алдыңкы ЖОЖдорго тиешелүү.

Росатомго таянган ири окуу жайлардын катарында МИФИ Улуттук ядролук изилдөө университети, МЭИ Улуттук изилдөө университети, Бауман атындагы ММТУ Москва мамлекеттик техникалык университети, МФТИ Москва физика-техникалык институту, МИСиС Улуттук технологиялык изилдөө университети, Санкт-Петербург мамлекеттик университети, Казан энергетикалык университети жана башка белгилүү техникалык университеттер бар.

Арыздар төмөнкү багыттар боюнча кабыл алынат: Ядролук энергетика, физика, астрономия, материалдар технологиясы, машина куруу, химиялык технологиялар, өнөр жай фармациясы, геология жана тоо-кен багыттары.

Окуу акысыз. Ошондой эле студенттерге стипендия жана жатакана каралган. Документтерди тапшыруу онлайн жүргүзүлөт, билдирүүдө өзүнө ылайыктуу 6 ЖОЖго чейин көрсөтүүгө болот. Арыздарды https://education-in-russia.com сайты аркылуу тапшырууга болот жана аларды кабыл алуу 2025-жылдын 15-декабрына чейин уланат.

Акысыз консультациялар ар шейшемби жана бейшембиде саат 16:00дө Бишкектеги Орус үйүндө өтөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш: +996 (312) 30-05-43, +996 (770) 224-595.