"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргызстандык волейболчу кыздар эл аралык мелдеште 3-орунга ээ болушту

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи.

Борбордук Азия волейбол ассоциациясы (CAVA) уюштурган турнир 1–5-октябрь күндөрү Ташкент шаарында өттү. Анда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Ирандын жана Тажикстандын командалары таймашты.

Алгачкы айлампада кыргызстандык спортчулар Иран жана Өзбекстандын командаларына жеңилип, 3-орун үчүн болгон беттеште Тажикстандын командасын 3:0 эсебинде жеңишти.