"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргызстандык жаачылар Тажикстан Президентинин кубогунда 5 медаль утту

Кыргызстандык жаачылар Тажикстан Республикасынын Президентинин кубогу үчүн өткөн эл аралык мелдеште үч алтын жана эки коло медаль утушту. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Мелдеш 6–9-октябрь күндөрү Тажикстандын Кожент (Худжанд) шаарында уюштурулду.

Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар төмөнкүдөй натыйжа көрсөтүштү:

Командалык мелдеш боюнча:
🥇 1-орун – Асел Шарбекова жана Эмирбек Машев.

Эркектер арасындагы жеке эсепте:
🥇 1-орун – Эмирбек Машев.

Кыз-келиндер арасында:
🥇 1-орун – Динар Бекбалиева,
🥉 3-орун – Асел Шарбекова.

Эркектердин тайпасы:
🥉 3-орун – Улукбек Курсаналиев, Эмирбек Машев жана Мухаммад Ислам Алмамбет уулу.