"Эркин-Тоо"

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетти

Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кеттиБул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп барат.

Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Аравияга жөнөп кетишет. Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.