"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат

Ноябрдын башында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат.

Бул жылы 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү шейшемби жана шаршемби күндөргө туш келет. Мындан мурда Министрлер Кабинети 6-ноябрь — иш күнүн (дүйшөмбү) 11-ноябрга жылдырууну бекиткен.

Кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.

Ошондой эле мектеп окуучуларынын каникулу дагы башталат, ал 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат, сабактар ​​13-ноябрда башталат.