"Эркин-Тоо"

Кыргызстандыктар ички каттамдарда санарип паспорт менен уча алышат

Эми кыргызстандыктар өлкөнүн ичинде санарип паспорттор менен уча алышат. Бул тууралуу «Манас» эл арлык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

«Урматтуу «Манас» эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрү! Эми санарип ID паспорт менен Кыргызстандын ички каттамдарында учууга болот. Ички каттамдардын жүргүнчүлөрү Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспортун көрсөтүү менен тоскоолдуксуз уча алышат.

Ошондуктан, эгер паспортуңузду унутуп калсаңыз, тынсызданбаңыз, Tunduk сизге жардамга келет! Тиркемени Google Play жана App Store`дон Tunduk тиркемесин көчүрүп алңыз», — деп билдирди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!