Саламаттык сактоо министрлиги «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында тесттик режимде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу боюнча жаңы кызматты ишке киргизди.
Ведомстводон билдиришкендей, ал үчүн portal.tunduk.kg порталына, же «Tunduk» мобилдик тиркемесине кирип, андан соң “Ден соолук” бөлүмүнө өтүп, “Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” бөлүмүн тандоо керек.
Жарандын жеке маалыматтарын коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылган «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы» маалымат системасында сакталат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана көрсөтүлөт. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын санариптик баракчалары үчүнчү тараптарга жеткиликсиз.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо системасынын медициналык документтерди электрондук документ түрүндө жүргүзүү бөлүгүндө иш процессин уюштуруу жөнүндө жобону бекиткен. Жобого ылайык, медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүү иштери этап-этабы менен жүрүп жатат.