"Эркин-Тоо"

Кыргызстандыктарга азербайжан элинин маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинен 25-апрелине чейин Бишкекте Азербайжан Республикасынын маданият күндөрүнө карата концерттик программалар, спектаклдер, сүрөт көргөзмөлөрү, адабий, маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, маданият күндөрү Кыргызстан менен Азербайжан элдеринин ортосундагы достукту, маданий байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө багытталган. Анын аркасында кыргызстандык көрүүчүлөр азербайжан элинин маданияты, салт-санаасы жана искусствосу менен жакындан тааныша алышат.
Белгилей кетсек, өтө турган иш-чараларга байланыштуу 20-апрелде Кыргызстанга Азербайжан Республикасынын белгилүү маданият ишмерлеринен турган расмий делегация келген.