"Эркин-Тоо"

Кыргызстандыктын 1,8 млн. доллар криптовалютасын ээлеп алган чет өлкөлүк жаран кармалды

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон чет мамлекеттин жараны К.Ш.Р  алдамчылык жолу менен Кыргызстандын жараны Б.Д.К.нын мыйзамсыз түрдө 1 млн. 800 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү криптовалютасын ээлеп алган. 15-августта УКМК тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!