"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын 10 жараны Түштүк Кореяга дарыланууга барат

Бүгүн, 15-июлда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Корея Республикасынын Кемён университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар медициналык билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Сыдыков жана ушул эле окуу жайдын Эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Бакыт Келдибеков катышты.

Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Кемён университети Кыргызстанга Донгсан медициналык борборунун дарыгерлерин жиберди:

— Эл аралык кызматташуу департаментинин директору, пластикалык хирург Сон Дэ Гу;

— Социалдык-миссионердик бөлүмүнүн директору, гастроэнтеролог Чо Гван Бом;

— Педиатрия бөлүмүнүн башчысы, балдар кардиологу Чхве Хви Джон;

— Кемён университетинин Орусия жана Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Пак Сон Джин;

— Алматы шаарындагы Донгсан клиникасынын башкы дарыгери, гинеколог Чхве Ын Джу;

— Эл аралык ден соолук борборунун менеджери Тэн Сан Жин;

— Эл аралык ден соолук борборунун координатору Югай Наталия.

Дарыгерлер тубаса жүрөк кемтиги, тубаса сол жак эрин жана таңдай жырыгы сыяктуу патологиялык оорулары бар балдарды жана аялдарды текшеришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин демилгеси менен Кыргызстандын оор дартка чалдыккан 10 жаранын Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалууда.

Билим берүү жана илим министри университеттердин ооруканаларына чоң маани берилерин билдирди.

“Июнь айында өкмөт эки оорукананы ЖОЖдорго өткөрүп берди. Ош мамлекеттик университетине Ош шаардык ооруканасын, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Саламаттык сактоо министрлигинин балансындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Республикалык диагностикалык борбору берилди”, — деди министр.

Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин түзүмүндө биринчи жолу медициналык билим берүү маселелерин координациялай турган дарыгер — кардиохирург, эл аралык сыйлыктардын лауреаты, профессор Талантбек Батыралиев иштей турганын билдирди.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!