2025-жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстандын аэропорттору 4,5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкы директору Манасбек Самидинов Жарандык авиация кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.
Анын айтымында, аталган аралыкта 38 миңден ашык аба каттамы аткарылып, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча туруктуу өсүш байкалууда.
“Манас Менеджмент Компаниясы” ушул мезгил ичинде 20 000 тоннадан ашык жүк тейлеп, Кыргызстандын эл аралык аба ташуу рыногундагы позициясын чыңдоого өз салымын кошууда”, — деди Самидинов.
Жетекчи жарандык авиация тармагындагы кызматкерлердин эмгегин жогору баалап, алардын кесипкөйлүгү менен авиация инфраструктурасы улам өнүгүп жатканын баса белгиледи.