"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын айкүр боюнча курамасы Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын айкүр боюнча курама командасы Түркиядагы “Асык атуу” чүкө оюндары боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 29-январдан 4-февралга чейин Анталия шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:
1. Нурмухаммед Абдалимов;
2. Каным Жеңишбекова;
3. Аделя Искендерова;
4. Анвар Жеңишбеков.

Улуттук курама команда машыктыруучусу Искендер Кожокеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!