"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын аймагында бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Ош облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 2 тилсиз жоо катталган.