Дем алышта Кыргызстандын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— Бишкек шаарында – 1;
— Чүй облусунда – 2;
— Жалал-Абад облусунда – 1;
— Ысык-Көл облусунда – 1.
Белгиленгендей, тилсиз жоону өчүрүүгө 5 өчүрүү бөлүмү тартылган.