Сейсмология институту маалымдагандай, саат 13:44тө Кытай Эл Республикасынын аймагында 6,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 4,5 балл, “Кумтөр” ишканасынын аймагында 4 балл, Каракол шаарында жана Тоң районунун Кажы-Сай айылында 3 балл, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

