"Эркин-Тоо"
Экономика

Кыргызстандын алтын кору кымбаттады

Апрель айында Кыргызстандын алтын кору 22 миллиард долларга кымбаттап рекорддук көрсөткүчкө жетти.  Бул тууралуу маалымат  Улуттук банктын расмий сайтына чыкты. Маалыматка таянсак  ушул жылдын 1-апрелинде  Улуттук банктагы алтындын резерви 76 миллиард 986,8 миллион сомго, ал эми май айынын башында 99 миллиард 33,7 миллион сомго бааланган. Буга чейин банктагы алтындын кору мынчалык кымбаттаган эмес. Кымбаттоонун себеби азырынча айтыла элек.