Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Эрбол Замирбеков билдирди.
Анын айтымында, социалдык маанидеги 9 продукция боюнча толук резерв бар. Учурда Казакстан менен Өзбекстанда картошкага болгон суроо-талап жогорулоосунан улам жана жасалма алып-сатарлыкка байланыштуу картошка менен эттин баасынын жогорулагандыгы байкалууда.