Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Сеул шаарындагы “Кымнарэ” залында Кыргызстандын Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын курамы “Korea Ballet Stars” уюму менен биргелешкен гала-концерт өткөрүштү. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.
Иш-чара Сеул шаардык кеңеши колдогон эл аралык маданий кызматташтык программасынын алкагында уюштурулду. Кыргызстан менен Түштүк Кореянын маданий байланышын чыңдоо жана балет өнөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Театрдын делегациясын КРнын эл артисти Муратбек Бегалиев жана башкы балетмейстер, КРнын эл артисти Айзада Тумакова жетектеп барды.