Кыргызстандын улуттук бокс федерациясы World Boxing уюмуна расмий түрдө кошулду. Бул тууралуу World Boxing уюмунун басма сөз кызматы билдирди.
Уюмдун маалыматына ылайык, уюм Кыргызстандан сырткары дагы Андорра, Бельгия, Ирак, Литва, Мадагаскар жана Тайланддагы бокс боюнча улуттук федерацияларынын жети арызын жактырган.
Бардык өтүнмөлөр Бүткүл дүйнөлүк бокс Аткаруу кеңеши тарабынан жактырылып, азыркы учурда World Boxing уюмуна мүчө болгон улуттук федерациялардын саны 51ге көбөйдү.