"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын делегациясы КМШда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын талкуулоодо

2022-жылдын 5-октябрынан 7-октябрына чейин Астана шаарында “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жаңы реалдуулукта билим берүүсү жана постпандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы” темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин VII съезди өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мугалимдер, тарбиячылар жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери бар.

Съезддин салтанаттуу ачылышында кыргыз делегациясынын башчысы, министрликтин эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан Кожоев министрликтин жетекчилигинин атынан кайрылуу сөзүн сүйлөдү. Делегациянын өкүлдөрү Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалына катышууда.

Съезддин ишине Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Россия, Кыргызстандын мугалимдери жана билим берүү системасынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитети катышууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!