2025-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 865,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өзүнүн фейсбуктагы расмий баракчасында билдирди.
Расмий статистикага ылайык, Кыргызстан ИДӨнүн өсүү темпи боюнча Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин арасында алдыңкы орунду ээледи. Төраганын маалыматы боюнча, калган өлкөлөрдө көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
• Казакстан – 6,3 % (7 ай);
• Армения – 6,3 % (6 ай);
• Беларусь – 2,1 % (6 ай);
• Россия – 1,2 % (6 ай).
Өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыздалды. Мисалы, өнөр жайда өсүү 11,4 %ды түздү. Айрыкча жогорку көрсөткүчтөр төмөнкү тармактарда катталды:
• фармацевтика – 2,4 эсе өсүү;
• тамак-аш азыктарын өндүрүү – 49,0 %га;
• резинадан, пластмассадан жана курулуш материалдарынан жасалган буюмдарды өндүрүү – 33,5 %га;
• химиялык продукция – 29,3 %га;
• нефть продуктулары – 5,8 %га;
• пайдалуу кендерди казып алуу – 14,6 %га.
Бул абдан жакшы динамика. Курулуш сектору 37,8 %га, тейлөө чөйрөсү – 9,8 %га, айыл чарбасы – 2,3 %га өстү. Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи жогору болууда. 7 айдын жыйынтыгы боюнча алардын көлөмү 141,9 млрд сомду түзүп, 33,4 %га көбөйдү.
Бул көрсөткүч мурунку жылдык деңгээлдерден ашып кетти:
2021-жылы – 122,8 млрд сом,
2022-жылы – 139,4 млрд сом.
Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү ички каржылоо булактарынын 52,2 %га көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды, бул улуттук каржылоо базасынын бекемделишинен кабар берет-деди Касымалиев.
Касымалиев социалдык маанидеги товарлардын баасын турукташтыруу максатында 2025-жылдын 11-августунан тартып 90 календардык күнгө уй жана кой этинин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин эске салды.
«Мен Экономика жана коммерция министрлигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте эттин баасын мамлекеттик жөнгө салууну көзөмөлдөөнү жана бардык социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторингди күчөтүүнү, зарыл болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырдым»-деп билдирди МинКаб Төрагасы.
Мындан тышкары, орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны ооздуктоо максатында, Улуттук банк 2025-жылдын 29-июлунда эсептик ченди 9,0%дан 9,25%га чейин жогорулаткан.

