Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан футбол боюнча CAFA Women’s championship турниринде Кыргызстандын курама командасы Өзбекстандын командасына утулуп калды. Бул тууралуу Борбор Азия футбол ассоциациясы Instagram баракчасына билдирди.
Беттеште эсеп Өзбекстандын пайдасына 0:7 менен аяктаган.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн футболчулары Ирандын командасы менен беттешип (0:1), Түркмөнстан менен тең ойногон.
Азыр алар акыркы орунда.
20-июлда Кыргызстан Тажикстан менен беттешет.