Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Малайзиянын курамасынан утулуп калды.
Беттеш бүгүн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Куала-Лумпур шаарындагы «Букит Жалил» стадионунда өттү. 4:3 эсеби менен малайзиялык футболчулар жеңишке жетти.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Омандын курамалары менен кез келет.
Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан 21-ноябрда Омандын курама командасы менен ойнойт. «Ак шумкалардын» тайпадагы экинчи беттеши Бишкекте болот.

