Кыргызстандын футзал курама командасы Азия кубогунун чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бангкок (Таиланд) шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунда тайпалык этаптын жыйынтыктоочу — үчүнчү туру орун алды.
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы турнирдеги үчүнчү беттешин бүгүн, 22-апрелде «Хаумарк» стадионунда Түштүк Кореяга каршы өткөрүп, беттеш 5-5 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Кыргызстандын курамасы азиялык биринчиликтин «С» тайпасында 5 упайга ээ болуп, турнирдин чейрек финалына чыкты. 1/4 финалынын оюну 24-апрелде өтөт, андагы атаандаштар Кувейт жана Ирандын курамалары.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын курама командасы Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан. Буга чейинки тайпалык беттештерде Жапонияны 3:2 эсебинде жеңсе, 2:2 эсебинде Тажикстан менен тең чыккан.