"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Кыргызстандын Индия, Шри-Ланкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аскар БЕШИМОВ “Индиядан келген инвестиция 272 миллион долларды түздү”

Маектешим кезегинде тышкы иштер министринин орун басары, Корея, Малайзия баштаган өлкөлөрдө эки ирет элчилик кызматтарды аркалап келген дасыккан дипломат. Аны менен тышкы саясаттагы абал, ТИМдин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана элчиликтеги ишмердүүлүгү боюнча кеңири маанайда баарлаштык.  

— Аскар мырза, быйыл тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 80 жыл толуптур. Сиздин канча жылдык тагдырыңыз бул мекеме менен байланыштуу болду? Дегеле, ТИМдин мааракелик салтанаты кандай деңгээлде өтсө дейсиз?

Мен Тышкы иштер министрлигинде 1995-жылдын март айынан иштей баштадым. Ошондон бери тагдырым бул акжолтой мекемеге байланып, дипломатиялык кызматта жүрөм. Алгач министрликтин катардагы кызматкерлигинен башталган ишим Кудайдын буйругу менен атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиге чейинки бардык деңгээлден өттүм. Эки жолу министрдин орун басары болдум. Иш жүзүндө менин бүтүндөй аң-сезимдүү эмгек өмүрүм дипломатиялык кызматта өттү. Мен муну сыймыктануу менен айта алам. Ал эми министрликтин мааракелик жылы, аны кандай өткөрүү боюнча албетте, ойлорубуз бар. Маселен, салтанаттуу иш-чаралардан тышкары, элчилердин, Президент жана Министрлер Кабинети менен Кыргызстандын эл аралык аренадагы ордун жана келечектеги актуалдуу маселелерин талкуулоо максатындагы жолугушуусуна көңүл буруу керек.

— Соңку жылдары өлкөбүздө Индиядан келип окуган студенттердин агымы көбөйгөнү байкалууда. Элчиликте бул боюнча кеңири маалыматтар болсо керек…

Туура, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында учурда 17 миңдей индиялык студент билим алууда. Индиялык студенттер үчүн артыкчылыктуу багыт — бул медициналык тармак. Тагыраагы, медициналык дарылоо. Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүрүшкөн соң, Индиянын ар кандай медициналык клиникаларда иштеп жатканы бизди кубантат. Албетте, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жеке эле билим берүү жааты эмес, кызматташтыктын бардык багыттарын чыңдоо үчүн дагы көп иштер талап кылынат. Бул боюнча биздин мамлекеттердин тийиштүү маанайлары бар экенин белгилегим келет. Учурда Индиянын потенциалы абдан зор, дүйнөдөгү экономикасы тез өнүгүп жаткан мамлекеттердин бири. Учурда Кыргызстандын экономикасына жыл сайын индиялык студенттерден 200 миллион долларга жакын инвестиция түшөт. Aeronomad компаниясы (ээси Индия жараны) 2023-жылы 37 миллион долларга кошумча 1 учак сатып алган. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде (Кажы-Сай айылы) болжол менен 3 млн доллар турган конок үйлөрүнүн курулушу башталса, Индиядан келген “MS group” курулуш компаниясы Бишкектин “Түштүк дарбазасында” баасы 20 миллион долларга жакын эки көп кабаттуу үйдүн курулушун бүтүрүп жатат. Golden Dragon казиносу 12 миллион долларга жакын баага ачылган. Индиянын фармацевтикалык компаниялары менен жолугушуулардын жана Хайдарабад шаарында өткөн “Iphex-2023” фармацевтикалык көргөзмөсүнө катышуунун жыйынтыгында “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 300 миң долларга жакын суммадагы кыргыз тарап талап кылган көлөмгө ылайык дары-дармектерди камсыздоо боюнча келишимдерге кол койду. 2023-жылга Индиядан келген түз инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 272 миллион долларды түздү.

— Учурда ТИМдин катарына сынактын негизинде жумушка кабыл алуунун шарттары татаалдашып, өтө оорчулукту жаратып жаткан жокпу? Сынакка болгон талаптарды жеңилдетүү менен жаш дипломаттардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берсек болот беле?…

— Азыр ТИМдин катарына гана эмес, дегеле мамлекеттик кызматка кирүүнү каалаган талапкерлерге карата талаптар абдан жогору. Мындай көрүнүштөн дипломатиялык кызматка кирүүнү каалаган талапкерлерге коюлган талаптар да четте калбайт. Тышкы иштер министрлигинде талапкерлердин мындан аркы ишинде зарыл болгон чет тилдерди билүү, эл аралык укук, дипломатиянын тарыхы ж.б. конкреттүү, профессионалдык талаптар бар. Мындай талаптар анчейин деле жогору эмес, болжол менен мамлекеттик кызматка келген бардык талапкерлердин деңгээлинде жана жогоруда белгилегендей, ТИМ системасында мындан аркы иштөөдө колдонбогонго мүмкүн эмес кесиптик талаптар бар. Бизде эл аралык мамилелер боюнча адистерди даярдоодо бир жактуу көз караш бар. Элестетсеңер, жыл сайын 1200гө жакын адам (өлкөбүздүн бардык ЖОЖдорунан) ТИМ адистиги боюнча бүтүрөт. Ал эми министрлик андай бүтүрүүчүлөрдүн бештен бир бөлүгүн да ишке жайгаштыра албайт. Ошондуктан бизде ашыкча бүтүрүүчүлөр катталат.

Индия өлкөсү менен Кыргызстандын ортосунда журналисттердин жана мамлекеттик кызматкерлердин арасында эки тараптуу тажрыйба алмашуу, кесиптик билимин жогорулатуу багытында окутууларды уюштуруу мүмкүнбү?

Мындай эки тараптуу тажрыйба алмашуулар бар. Учурда Кыргызстандын ар кандай ведомстволорунун көптөгөн адистери окуудан өтүп, квалификациясын жогорулатып, Индиянын ар кайсы мекемелеринде жана ишканаларында бардык багыттар боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен таанышып жатышат. Мунун баары өлкөбүздүн айрым мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун керектөөлөрүнө байланыштуу. Эгерде сиздерде ушундай муктаждык болсо, анда Индия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан аркы кызматташуу үчүн журналистика тармагындагы адистер менен байланыш түзүүгө көмөктөшө алабыз.

— Өлкөбүздүн тышкы саясатына, анын тарыхына барандуу из салган дипломат катары айтыңызчы, бүгүнкүдөй көп багыттуу тышкы саясатты тандаган Кыргызстан үчүн бул опурталдуу эмеспи?

— Ар бир мамлекеттин тышкы саясатынын биринчи кезектеги милдети – өлкөнүн эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, чек араларынын кол тийбестигин сактоо. Ошого жараша Кыргызстан өз мамилелерин улуттук кызыкчылыктардын негизинде курат. Кыргызстан глобалдык оюнчу эмес экенин түшүнөбүз, бирок ал туура эмес колдо “оюнчук” болуп калбашы керек. Бүгүн эл аралык кырдаал болуп көрбөгөндөй курчуп турган кезде, бул өзгөчө актуалдуу болуп, көп векторлуу мамилени сактап келет.

— Аныгында тышкы саясат ички саясаттын туундусу катары каралат. Азыркыдай шартта, көп векторлуу тышкы саясат жүргүзгөн өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыгы, улуттук коопсуздугу канчалык деңгээлде корголуп жатат десек болот?

Туура, тышкы саясат ички саясаттын уландысы. Ошого жараша башка мамлекеттердин кийлигишүүсүн азайтууга мүмкүндүк берет. Биз бардыгыбыз өлкөдөгү ички саясий кырдаалдын турукташтырылганына күбөбүз. Бул албетте, Президент Садыр Нургожоевичтин зор эмгеги деп эсептейм. Өлкө ичинде да, чет өлкөдө да жүргүзгөн саясаты келечекке оптимисттик көз караш менен кароого мүмкүндүк берет.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№17 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 1-марты