Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бензин менен камсыз кылуу үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Болгон запастар 1,5-2 айга жетет. «Республиканын май куюучу жайларында мунай продуктыларынын бир аз кымбатташы россиялык заводдордо баанын жогорулашына байланыштуу болууда. Автогаз боюнча айрым май куюучу жайларда убактылуу таңкыстык жаралууда. Бул абалды жөнгө салуу үчүн мунай ташуучулар иштеп жатат», — делет маалыматта.