Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы Варшава шаарында (Польша) 8-июндан 14-июнь күндөрү өтө турган «Poland Open» эл аралык рейтингдик турнирине катышат.
Турнирге даярдануу максатында, 22-майдан 7-июнга чейин спортчулар Таллинде (Эстония) эл аралык машыгуудан өтүшөт. Белгилей кетсек, команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлдү.
Турнирде Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;
Айпери Медет Кызы, 76 кг;
Мээрим Жуманазарова, 68 кг;
Нураида Анаркулова, 59 кг;
Назира Марсбек кызы, 59 кг;
Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу.
Бактыгүл Алишева, дарыгер;
Константин Еремич, массажист.