"Эркин-Тоо"
Статистика

Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миңге жетти

Мындай жагымдуу маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Калктын 35 пайызын балдар менен өспүрүмдөр түзсө, 57 пайызы эмгекке жарактуу адамдар. Ал эми сегиз пайызы улуу муундагылар түзгөн. Өлкөдө туруктуу жашаган калктын 34 пайызы шаар калкы болсо, 66 пайыз эл айылда жашайт.