Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, жыл башынан бери калктын саны 91,7 миң адамга же 1,3 пайызга көбөйгөн. Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин статистикасына ылайык, январь-сентябрь айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 107,9 миң жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана 24,2 миң өлүм катталган. Калктын табигый өсүшү 83,7 миң адамды түздү.
Анын эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган. Эң төмөнү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда.