"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстандын КЭРдин Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Эргешов Хомени Байсалбекович Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулунун кызмат ордунан бошотулуп, ордуна Жаманкулов Эрнист Абдыкалыкович дайындалды.

Дайындоо иши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү.