Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы рейтингдик турнирге катышат
Мелдештер 26-февралдан 2-мартка чейин Албанияда өтөт. Курамага Сезим Жуманазарова, Калмира Билимбекова, Гүлнура Таштанбекова жана Айпери Медет кызы кирди. Алар машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында килемге чыгат.