"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы дүйнөдөгү алдыңкы бештикке кирди

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы дүйнөдөгү алдыңкы бештикке кирди.

UWW уюму 2021-жылы күрөш чеберчилигин ийгиликтүү көрсөткөн курама командалардын тизмесин чыгарды. Кыргызстандык кыздар тизменин төртүнчү сабында жайгашты.

Осло шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыздар үч медаль, анын ичинде эки алтын утуп, дүйнөлүк аренада өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөттү.

UWW уюмунун тизмеси:

1-орун — Япониянын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы;

2-орун — Россиянын эркин күрөш боюнча курама командасы;

3-орун — Украинанын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы;

4-орун — Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы;

5-орун — Ирандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!