"Эркин-Тоо"
Айыл чарба

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа өлкөлөрүнө экспорттолууда

Акыркы мезгилде Кыргызстандагы мөмө-жемиштер Европа өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусу кулпунай жана малинаны, Ысык-Көл облусу кара жана кызыл карагатты өстүрүү боюнча алдыда турат. Нарын облусунун дыйкандары соңку жылдары мөмө-жемиш өстүрүүгө активдүү киришкен.

Ошондой эле Ош жана Баткенде заманбап тоңдуруучу жабдуулар менен ири соода жана логистикалык борборлор курулууда.

Экспорт негизинен Россия жана Казакстанга багытталган, бирок Европа, Түркия, араб өлкөлөрү жана Кытай рыногуна да чыгарылууда.