"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 5,6 млрд долларды түзөт

2023-жылдын февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (ички жана тышка) көлөмү 5 млрд 698,90 млн долларды же 489 млрд 439,29 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинен ички карыз — 1 млрд 104,53 млн доллар, ал эми тышкы карыз — 4 млрд 494,37 млн доллар.

Мындан мурда 2023-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы+ички) бюджеттен 9 млрд сом бөлүнгөнү маалымдалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!