Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Дүйнөлүк Банктын өкүлү Навид Накви менен жолугушту. Анда Новиков Дүйнөлүк Банк саламаттык сактоо, айыл чарба, экология, билим берүү жана социалдык коргоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш экендигин белгиледи. Жакынкы аралыкта долбоордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик шаймандар менен камсыз болот.