"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын түштүгүндө айдап-себүү иштери башталды

Өлкөнүн түштүгүндө айдап-себүү иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жер айдоо иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жерлер азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылды.

Учурда кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери жогорку темпте аткарылууда.