Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 30-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындан улам, жарандарга этият болуп, каналдарды жана арыктарды таштандыдан тазалоо сунушталат.