"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын улуттук курамасынын оюнчусу түркиялык «Галатасарай» менен келишим түздү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын эң жаш оюнчусу Бекназ Алмазбеков түркиялык «Галатасарай» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Келишим үч жылга, тактап айтканда, 2025-2026-жылдын аягына чейин түзүлгөн. «Галатасарай» футболдук клубу Түркиянын Супер Лигасында ойнойт.

Өткөн сезондо Алмазбеков Түркияда ар кандай жаш курактагы чемпионаттарда, анын ичинде «Галатасарай» футболдук клубунун курамындагы жаштар командасында ойноп, 22 оюн өткөрүп, 16 гол киргизип, 6 пас берген.

2020-жылдын мартында АФКнын версиясы боюнча Борбордук Азиядагы эң мыкты жети жаш оюнчунун катарына кирген.

2022-жылдын сентябрында ал The Guardian версиясы боюнча эң таланттуу 60 жаш футболчунун катарына кирген.

Бекназ Алмазбековдун Кыргызстандын улуттук курамындагы дебюту 2022-жылдын 11-июнунда болгон, анда ал Мьянмага каршы беттеште оюн талаасына чыккан. Улуттук курамада 1 беттеш өткөргөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!