"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстандын жана Монголиянын Президенттери “Мейкин Азия” эл аралык фестивалына катышууда

2025-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапардын алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалына катышууда.

Иш-чара Кыргызстандын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган. Фестиваль Азия мейкиндигиндеги чыгармачыл жаштардын башын кошуп, маданий байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Президенттер фестивалдын жүрүшүн көрүп, катышуучулар менен баарлашышты. Мындай иш-чаралар эки өлкө ортосундагы достук жана маданий кызматташууну өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.