"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын жаштар курамасы Мьянманы жеңди

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия кубогуна тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстан курамасы алгачкы беттешинде Мьянма менен кез келди.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты.

Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын курамасы 2:0 эсебинде оюнду жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, ушул эле тайпада Япония менен Түркмөнстан ойноп, япондор да 2:0 эсебинде атаандашын жеңген. 27-сентябрда Кыргызстан Түркмөнстан менен ойнойт.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!